• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок — Кулубаев

Саясат 0

Бишкек, 29.01.23. /Кабар/. "Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок", - деди тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген казакстандык кесиптеши Мурат Нурлеу менен жолугушууда.

"Бардык актуалдуу маселелер сүйлөшүү жолу жана министрлер, премьер-министрлер жана мамлекет башчылардын деңгээлиндеги жолугушууларда чечилүүдө", - деди ал.

Ошондой эле Кыргзстандын ТИМ башчысы кыргыз-казак достугу кылымдар бою сыноодон өткөн жалпы максатка, бакубаттуулукка жана элдердин жыргалчылыгын жогорулатууга салым кошуп жатканын белгиледи.

"Байыртан эле эки өлкөнүн элин бир туугандык байланыштар байланыштырып келген жана биз ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган салттуу баалуулуктарды сактап, өркүндөтүшүбүз керек. Эгемендүүлүк жылдарында эки тараптуу мамилелердин бекем пайдубалын түптөп, эки тараптуу фундаменталдуу документтерге кол койдук. Кызматташтыктын жогорку деңгээлине жетишилди", - деп белгиледи Кулубаев.

Ал өлкө башчыларыдын расмий сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен 2022-жылы кыргыз-казак дипломатиялык мамилелеринин өнүктүрүүнүн жыйынтыгына жогорку баа берилгенин эске салды.

Мындан тышкары, тараптар достук, жакшы коңшулук жана өз ара колдоо духунда өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты практикалык мазмунга жана саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө олуттуу натыйжаларга толтурууга умтуларын ырасташты

Соңунда тышкы саясий ведомствонун башчысы бүгүнкү жолугушуу бизге эки өлкөнүн жана эки элдин кызыкчылыктарын толук чагылдырган мындан аркы кадамдарды жана кызматташуунун багытын аныктоого мүмкүндүк берерине ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий