• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиянын Кепездин аймагында Кыргыз маданий борбору түзүлөт

Саясат 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Анталиянын эң ири району – Кепездин аймагында келечекте кыргыз жана түрк маданий иш-чаралары өткөрүлө турган Кыргыз маданият борбору түзүлөт. Мындай макулдашууга Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен Кепез районунун мэри Хакан Тутунжунун эки тараптуу жолугушуусунда жетишилген.

Түркиядагы кыргыз элчилигинен кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 7-ноябрда өткөн. Ага Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консул Рустам Кошонов да катышты.

Тараптардын сүйлөшүүдө эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.

Элчи түрк тарапка Кыргызстандын президенти тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кеңири маалымат берип, өлкөдө жыл сайын инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын өзгөчө белгиледи.

Бул контекстте Руслан Казакбаев райондун мэри Хакан Тутунжуну жана Кепез районунун бизнесмендерин Кыргызстанга келип, иш сапарынын алкагында биргелешкен бизнес-форум уюштурууга расмий түрдө чакырды. Өз кезегинде райондун мэри Хакан Тутунжу элчинин сунуштарын оң кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле аймактар аралык байланыштарды чыңдоо жана кеңейтүү максатында тараптар жакынкы аралыкта Кыргызстандын шаарларынын бири менен Анталиянын Кепез районунун ортосунда боордоштук мамилелерди түзүүнү макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий