• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого талапкерлигин коет

Саясат 0

Бишкек, 15-июль /Салтанат Абдраева - Кабар/. Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоодо өзүнүн талапкерлигин коет. Бул тууралу ал, бүгүн «КСДП» саясий партиясынын 16-Съездинде билдирди.

Анын айтымында бүгүн өзгөчө күн, жана ал өзүнүн партиялаштарын бул күн менен куттуктады. «Жети жыл мурун мен өзүмдүн жашоомду «КСДП» партиясы менен байлагам. Биргеликте биз президент Алмазбек Атамбаевдин саясатын колдоп келдик. Бирок бүгүнкү күнү биздин партия күчтүү фундаменти бар партиялардын катарын толуктайт. Жашоо бир орунда турбайт. Ал өтөт жана алмашып турат. Ал эми биз буга даяр болушубуз керек. Биз тарыхта кала турган президенттик шайлоонун алдында турабыз»,-деди Турсунбеков.

Бирок спикер акыркы эки айдан бери анын айланасында чоӊ интрига жүрүп жатканын айтты. «Мен балким президенттикке талапкер болом деп билдиргем, бирок бул ар кандай түшүнүктө айтылган болчу. Керек болсо партияда бөлүнүүлөр орун алганын айтып чыгышты. Мен эч кандай ажырым болгон жок деп айткым келет. Биз буга чейин биримдикте иштеп келгенбиз, мындан нары дагы ынтымакта иштей беребиз. Партиянын ичинде Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары бар, ошондой элеТурсунбековдун дагы тарапташтары бар. Бул нормалдуу көрүнүш. Мындан улам элде дагы бир талапкерди тандоого мүмкүнчүлүгү болот. Бул уникалдуу учур, себеби бир партиядан эки талапкер чыгат. Эч нерседен коркпош керек, тескерисинче эки эсе добуш көп болот»,-деп билдирди спикер.

Ошондой эле, Турсунбеков бүгүнкү съезд мамлекет үчүн маанилүү иш чара экенин баса белгиледи. Кыргызстан биринчи жолу президенттик шайлоого революциядан кийин эмес, президенттин мөөнөтү аяктаган үчүн бара жатат.

«Биз биринчи жолу демократия жана туруктуулук үчүн добуш беребиз. Алдыдагы шайлоонун мааниси жана максаты мына ушунда. Биздин партия шайлоого куру убадалар менен эмес, реалдуу маселелерди чечүү үчүн баратат. Биз мамлекеттеги көйгөйлүү маселелерди бир аз убакытта чечебиз деп айткандан алысмын. Бирок биз бул маселелерди чечүүнүн үстүндө иштейбиз. Мен «КСДПнын» лидери болуп иштедим, спикер катары мен бул иштин түйшүгү кандай экенин жакшы билем. Буга ылайык мен биздин партиядан ким президент болуп шайланбасын, биздин милдет өнүгүүнүн жолун улантышыбыз зарыл деп эсептейм», - деди Чыныбай Турсунбеков.

Мындан тышкары, Турсунбеков партияга, ошондой эле мамлекетке дагы жаӊы ой жүгүртүүсү менен жаӊы адамдар керек деди.

Пикир

Оставить комментарий