• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясынын жыйыны өттү

Саясат 0

Бишкек, 20.07.23./Кабар/. 2023-жылдын 13-июлунан 20-июлуна чейин Наманган шаарында (Өзбекстан Республикасы) Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алдыда боло турган демаркация маселелери талкууланып, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрү жүргүзүлдү.

Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Иш-чаралардын жыйынтыгында тийиштүү Протоколго кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий