• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ башчысы Венада БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгынын аткаруучу директору менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 16.03.24. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Вена шаарында БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Гада Вали менен жолугушту Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Тараптардын долугушуусу ушул күндөрү Автрияда өтүп жаткан БУУнун Баңгизаттар боюнча комиссиясынын 67-сессиясынын жогорку деңгээлдеги сегментинин алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, уюшкан кылмыштуулукка, ошондой эле кибер кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Улан Ниязбеков Кыргызстандын укук коргоо ведомствосу Бириккен улуттар уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын Программалык кеңсеси менен биргеликте бир катар долбоордук сунуштарды даярдап, Бириккен улуттар уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын колдоосу астында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар болгон ар кандай өнөктөш өлкөлөр менен иш алып барууда деп белгиледи.

Мындан тышкары, ИИМдин башчысы Кыргызстанга расмий иш сапар менен келүүнү сунуштады, анын натыйжасында аймакта жүргүзүлүп жаткан иштерге, актуалдуу көйгөйлөргө, практикалык өз ара аракеттенүү механизмдерине көңүл бурулуп, республикадагы БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын долбоордук портфелин кеңейтүүгө мүмкүндүк берээрин белгиледи.

Өз кезегинде Гада Вали айым өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды, анын ичинде укук коргоо системасын модернизациялоого багытталган реформаларды жогору баалады.

Пикир

Оставить комментарий