• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бир айдан ашык убакыттан бери «кызыл зонада» иштеген медиктерге кенемте төлөнө элек

Коом 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. COVID-19 менен ооругандар дарыланган «кызыл зонада» иштеп жаткан медицина кызматкерлерине бир айдан ашык убакыттан бери кенемте төлөнө элек.

Жайдын келиши менен өлкөдө коронавирус менен ооруган бейтаптардын саны өсүп жатканы байкалууда. Ооруканаларда бош орундар аз калып, мамлекет күндүзгү стационарларды ача баштады.

«Кабар» агенттигине «кызыл зонада» иштеп жаткан бир катар ооруканалардын медицина кызматкерлери кайрылып, коркунучтуу зонада иштегендиги үчүн бир айдан ашык убакыттан бери аларга кенемте төлөнбөй жатканын билдиришти. «Май айына акча ала элекпиз, азыр болсо июндун аягы болуп калды»,-дешти алар.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Экономика жана финансы министрлиги тарабынан каржылоо ачылбай жатканын маалымдады. «Биз бардык документтерди даярдап, күтүүдөбүз. Бүгүн-эртең акча түшөт деп үмүттөнүп жатабыз»,-деди фонддун басма сөз кызматынан.

Агенттик Экономика жана финансы министрлигинен комментарий алууга аракет кылды, бирок мүмкүн болгон жок.

Пикир

Оставить комментарий