• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Боом капчыгайында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек,09.10.17./Кабар/. Поезд жана унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2017-жылдын 9нан 13-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 120-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, таштарды кулатуу иштери унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат.

“Андыктан, 2017-жылдын 9-октябрынан тартып, 13-октябрына чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин патрулдук милиция кызматы тарабынан саат: 9-00 дөн 15-00 гө чейин унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат. 30-40 унаачогулуп калса таштарды кулатуу иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат”,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий