• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айыл чарба министрлиги: Бир жума бою экспорттолуп жана импорттолуп келген азыктар текшерилди

Коом 0

Бишкек, 03.12.19./Кабар/. Бир жума бою импорттолуп жана экспорттолуп келген азыктар текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, министрликтин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин адистери тарабынан ушул жылдын 25нен 29-ноябрына чейин мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык контролдоо пункттары текшерилген.

Анын жүрүшүндө импорттолуп келген - 21284,734 тонна жана экспорттолуучу 6202,125 тонна ата мекендик айыл чарба азыктары атайын текшерүүдөн өткөрүлгөн.

«Текшерүүнүн натыйжасында эч кандай мыйзам бузуулар аныкталган эмес. Экспорттолгон азыктардын бардыгы көпсөтүлгөн даректерине жеткирилген жана жүктөрдү артка кайтаруу катталган эмес», - деп кабарлашты министрликтен.

Карантинге алынган продукцияларды ташууда фитосанитардык контролдоо үчүн кыргыз-казак чек ара өткөрмө пукттарына жакын жерлерде мобилдик топтор түзүлүп иштеп жатат.

Мындан тышкары, фитосанитардык сертификаттарды берүү «ЭЛЕК-фито» маалыматтык ситемасы менен ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий