• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Муфтияттын демилгеси менен аймактардагы дин кызматкерлерин окутуу башталды

Коом 0

Бишке, 26.10.22. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси менен аймактардагы дин кызматкерлерин окутуу башталды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, имамдардын квалификациялык билимин жогорулатууга багытталган бул курста Куран, тавжид, акыйда, фикх, хадис, хадис усулу жана башкалар боюнча тереңдетилген билим берилүүдө.

Сабактын биринчи күнүн муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев өзү өтүп, имамдарды илим алууга кызыктырды.

Айта кетсек, аталган окутууга ар бир казыяттан имамдар келген жана окутуу пландуу түрдө окутулат.

Пикир

Оставить комментарий