• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жарандар эмне үчүн октябрда жогорулатылган жөлөк пул алышкан жок? Министрликтин жообу

Коом 0

Бишкек, 09.10.21. /Кабар/. КР президентинин адамдардын айрым категориясынын мамлекеттик жөлөк пулунун көлөмүн көйбөйтүүчү жарлыгын жүзөгө ашыруу үчүн Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан министрлер кабинетинин токтом долбоору иштелип чыккан.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күндө токтом долбоору министрлер кабинетинин кароосунда турат.

КР президентинин жогорудагы жарлыгына ылайык, мамлекеттик жөлөк пулдун көлөмүн 2021-жылдын 1-октябрынан тартып жогорулатуу каралууда.

1-октябрдан тартып жогорулатылган мамлекеттик жөлөк пулду төлөө 2021-жылдын ноябрь айынан баштап, башкача айтканда жогорудагы токтом министрлер кабинети тарабынан кабыл алынгандан кийин ишке ашырлат.

Пикир

Оставить комментарий