• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Улукбек Марипов ажылыкка барган кыргызстандыктардан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов ажылык милдетин өтөө үчүн ыйык Мекке шаарына барган кыргызстандык ажылардан кабар алды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев жана штаб кызматкерлери катышты.

"Сиздерди көргөнүмө абдан кубанычтамын. Ажылык ибатыңыздарды Алла Таала кабыл кылып, мекенибизге аман-эсен жетип алыңыздар. Ыйык жайлардан мамлекетибиз, элибиз үчүн дагы дуба кылыңыдар" , - деди Улукбек Марипов.

Ал эми мекендештер кабар алып келгендиги үчүн элчиге ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий