• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаштар арасында дүйнө чемпионатына катышкан балбандар мекенине кайтып келишти

Спорт 0

Бишкек, 25.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-октябрда Испанияда өткөн 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышкан эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына келишти.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов , Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Бекбоев, федерациянын өкүлдөрү, спортчулардын жакындары, достору жана күйөрмандары тосуп алышты.

Белгилей кетсек, дүйнө чемпионатында Тайырбек Жумашбек уулу 61 кг салмак категориясында күмүш медаль, Бекзат Алмаз уулу 57 салмак категориясында коло байге жеңген.

Пикир

Оставить комментарий