• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.

16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине Махмудов 77 кг чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалдык баскычтан тарта күч сынашууда.

Кыргыз балбаны биринчи атаандашы норвегиялык Пьер Андерс Курени 4:3 эсебинде, анын далысын жерге басып таза жеңишти камсыздады.

Ал эми 1/8 финалда Махмудов египеттик Мохамед Захаб Кхадил менен кез келип, аны 9:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга өттү.

Эскерте кетсек, аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда.

Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, алгачкылардан болуп 2024-жылы Парижде өтчү Олимпиада оюндарына лицензия утту. Ошондой эле дагы бир кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова дагы финалга чыгып, Олимпиадага жолдомо алды.

Пикир

Оставить комментарий