• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаштар арасында кичи футбол жана волейбол боюнча Ош шаарынын кубогу өтөт

Аймак 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында жаштар арасында кичи футбол жана волейбол боюнча Ош шаарынын кубогу өтөт.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мелдештерге 18 жаштан 35 жашка чейинки жаштар катыша алат.

Катышуу үчүн табыштамалар муниципалдык аймактык башкармалыктар аркылуу, шаардык дене тарбия жана спорт комитетине 2023-жылдын 30-сентябрына чейин кабыл алынат.

А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондун резервдик кичи футбол аянтчасында эркектер арасында кичи футбол боюнча, ал эми “Кыргыз-Иран достугу” спорт комлексинде аялдар арасында волейбол боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар, медалдар, кубок жана дипломдор менен сыйланат.

Сурап билүү телефондору: (03222) 5-63-78, 7-06-99.

Дарек: Супаналиев көчөсү №1 (болжолу борбордук стадион).

Белгилей кетсек, спорттук иш-чара шаар күнүнө арналган иш-чаралардын акагында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий