• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө аймактарды өнүктүрүүгө багытталган республикалык семинар-кеңешме өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндө “Аймактарды өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыты” аталыштагы жалпы республикалык семинар-кеңешме өтуүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен (Мамкызмат жана ЖӨБМА) билдиришти.

Семинар-кеңешмеге Мамкызмат жана ЖӨБМА директору Кудайберген Базарбаев, президенттин администрациясынан А. Шамеев, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү, райондордун башчыларынын орун басарлары, айыл өкмөттөрдүн башчылары, ошондой эле Мамкызмат жана ЖӨБМАнын кызматкерлери катышууда.

Жалпы 200дөн ашуун адам катышып жаткан иш-чара айыл өкмөттөрдүн инфраструктурасын, социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча инвестицияларды тартуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасында мыкты тажрыйбаны жайылтуу максатында өткөрүлүүдө.

Семинар-кеңешме Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан “Эң мыкты айыл өкмөтү” жалпы республикалык сынагынын жыйынтыгы боюнча уюштурулууда.

Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтү аталган сынактын 2-тобунун жеңүүчүсү болуп тандалып, 1,5 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий