• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук гвардияда 350дөн ашык окуучуга ачык эшик күндөрү уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 16.03.24./Кабар/. Күн мурун Улуттук гвардиянын 10127 аскер бөлүгүндө Аламүдүн районунда жайгашкан орто мектептердин окуучулары үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Малыматка ылайык, ага 350 ашуун мектеп окуучулары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулардын назарына, жоокерлердин ашканасына жана казармасына болгон экскурсия, аскер кызматчылары тарабынан даярдалган саптык даярдыктын көнүгүүлөрү жана кол уруш боюнча ыкмалар тартууланып, аскердик техниканын жана курал-жарактын көргөзмөсү камтыган кеңири программа тартууланды.

Иш-чаранын катышуучулары алар үчүн даярдалган программаны абдан кызыгуу жана шыктануу менен кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий