• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте дагы бир мыйзамсыз оюн-зоок ойноочу жай аныкталды

Коом 0

Бишкек, 1.11.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз оюн-зоок ойноочу жай табылып, анын ичинде лоторея жана башка оюндарды ойноо үчүн керектүү жабдыктар орнотулгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик экономикалык кылмыштуулукка каршы кызматынан кабарлашты.

Тинтүү маалында табылган жабдыктардын бардыгы алынган. Аталган фактыбоюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү амалдары уланууда.

Финполдон билдиришкендей, өлкөнүн бардык аймактарында мыйзамсыз кумар оюндарын ойнотуучу жайларды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Мурда Бишкек, Кара-Балта жана Кадамжай районунда да бир нече мыйзамсыз оюн-зоок ойноочу жайлар ачыкталган.

Эске сала кетсек, 2012-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда кумар оюндарына тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий