• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Бишкекте кыргыз-француз бизнес-форумун өткөрүү пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 16.03.24./Кабар/. Париж шаарында Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз MEDEF International (Франциянын орто жана чакан ишканалар ассоциациясы) уюмунун башкы директорунун орун басары Жеральдин Лямбль менен жолугушту.

КР тышкы саяий ведомствосунан билдиришкендей, эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана соода жүгүртүүнү жогорулатуу маселелерин талкууланган. Ошондой эле тараптар үстүбүздөгү жылы Бишкекте кезектеги кыргыз-француз бизнес форумун уюштурууну талкуулашкан.

Элчи Шер-Нияз 2023-жылга карата Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн 200 млн еврого чейин өсүшүнүн оң динамикасын белгилеп, Бишкек шаарында өтүүчү кезектеги бизнес-форумду Франциянын Тышкы соода министринин Кыргызстанга иш сапарынын алкагында өткөрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Лямбль француз ишкерлеринин Борбордук Азия аймагындагы өлкөлөрүндө бизнес жүргүзүү тууралуу кызыгуусу боюнча маалымат берип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну белгилеген.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык чөйрөдүгө кызматташтыкты биргелешип активдештирүү, ошондой эле алдыдагы бизнес-форумга мындан аркы даярдык көрүү боюнча макулдашууга жетишти. Мында франциялык тараптан MEDEF International уюму башкы уюштуруучусу катары аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий