• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Бишкектеги борбордук мечитке барып, чогулгандарга ооз ачар өткөрдү

Президент 0

Бишкек, 16.03.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров 15-мартта Бишкек шаарындагы Имам Сарахси мечитинде шам намазын окуду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымына караганда, президент ошондой эле, мечитке келгендер үчүн ооз ачар өткөрдү.

Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, бардык мусулмандарды ыйык Орозо айы менен куттуктады.

Өз сөзүндө өлкө башчысы дин боюнча маалыматтарды атайын илими бар аалымдардан алууга чакырды.

Ошондой эле өлкөдө жаш балдар арасында кызамык оорусу күч алганына тынчсыздануусун билдирип, статистика боюнча ооруган балдардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр экенине көңүл бурду. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров балдардын саламаттыгы үчүн ооруларды алдын алууда эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин белгиледи.

Сөзүнүн соңунда орозо кармагандардын дуба-тилектеринин кабыл болушун, өлкөгө өнүгүү, калкка бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий