• 88.68
  • 95
  • 0.95

Караколдо дайынсыз болуп жаткан 7 жашар кыз аман-эсен табылды

Аймак 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. Каракол шаарында дайынсыз болуп жаткан 7 жашар кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-октябрь күнү болжол менен кечки саат 17:00 чамасында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун кайрылып, анын 7 жашар кызы эртең менен саат 8де мектепке кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Кайрылуу түшкөндөн кийин дароо эле Каракол ШИИБнин өздүк курамы кызды издөөгө тартылып, издөө иштеринин натыйжасында кыз аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүп берилди.

Кыздын апасы шаардык милициянын кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий