• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Баткенде жабыркаган 423 үй жашоого жараксыз

Коом 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан 661 үй жабыркаганы аныкталды. Анын ичинен 423 үй жашоого жараксыз абалга келген, ал эми 238и оңдоого муктаж.

Ошентип:

Баткен шаарында – 21 үй,

Баткен районунда – 454 үй,

Лейлек районунда – 186 үй жабыркаган.

Учурда Баткен облусунда 398 турак жай бузулуп, тазаланды. Алардын 368и ӨКМ, 30у жергиликтүү бийлик органдары тарабынан тазаланды. Курулуш таштандыларынын жалпы көлөмү 110 миң 612 куб метрди түздү. Учурда бузула элек 25 турак үй бар.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады. Ошондой эле турак үйлөр, чарбалык жана социалдык, турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер талкаланган жана жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий