• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун аймагында кырдаал туруктуу, коронавирус жуккан 161 адам айыкты - Мирзахмедов

Аймак 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда учурда абал туруктуу. Облус боюнча жалпы 169 адамга коронавирус жуккан, анын ичинен 161и айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми учурда сегиз адам дарылануусун улантууда. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифингде билдирди.

Өкүл билдиргендей, акыркы сутка ичинде облус боюнча үч адамда коронавирус илдети табылган.

"Жаңы учурлар Чаткал жана Токтогул районунда катталды. Алардын баардыгы учурда ооруканага жаткырылды. Учурда алар менен байланышта болгон жактарды аныктоо иштери жүрүүдө", - дейт ал.

Өкүл кошумчалагандай, облус боюнча жалпы 71 адам обсервацияда жатат. Алардын ичине 21и медиктер. "Жакында алардын баарынан экинчи ирет ПЦР-анализдер алынат. Жалал-Абад облусуна сырттан жалпы 833 жаран келди. Алардын көпчүлүгү үй карантинине алынса, айрымдары обсервацияга жаткырылды", - дейт ал.

Мирзахмедов учурда сырттан келген 205 адам медиктердин көзөмөлүндө болуп жаткандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий