• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМдин куткаруучулары Чоң-Фергана каналына түшүп кеткен автоунааны чыгарышты

Кырсык 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Чоң-Фергана каналына түшүп кеткен автоунааны чыгарышты. Бул тууралу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айыл аймагынын Ношкен айылында Чоң-Фергана каналына “Honda Stream” үлгүсүндөгү жеңил унаа түшүп кеткен. Жабыркагандар жок.

"Унаа сууга 7-июнда түшүп кеткен. Куткаруучулар бүгүн, 9-июнда саат 12:35те автоунааны суудан чыгарып, ээсине тапшырышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий