• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Индонезияда жер титирөөнүн жана цунаминин кесепетинен 400гө жакын адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 29.09.18 /Кабар/. Индонезияда эки жер титирөө катталып, анын кесепетинен 384төн кем эмес адам каза болду. Курман болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн. Көптөгөн имараттар толугу менен же жарым-жартылай кыйроого учураган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Магнитудасы 7,4кө жеткен жер титирөө кечээ, 28-сентябрда катталган. Анын очогу 10 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Палу аэропорту жабылып, тик учактарга гана конууга уруксат берилди.

Пикир

Оставить комментарий