• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жеңиш Разаков укук коргоо органдарынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүүгө даярдыгы менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 29.09.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков ички иштер органдарынын жана прокуратуранын аймактык бөлүктөрүн алардын соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын күчүнө киришине даярдыгын текшерип чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жеңиш Разаков Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жана Бишкек шаардык Свердлов районунун прокуратурасына барды. Бул жактарда ага тутумду тесттик режимде жүзөгө ашыруунун жүрүшү тууралуу айтып беришти. Анын ичинде Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгында Жеңиш Разаков телефон аркылуу жарандардан жасалган кылмыштар тууралуу маалыматтар келип түшүүчү «102» кызматынын ролу менен таанышты. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында Жеңиш Разаков нөөмөттүк бөлүктөрдүн жана ыкчам-тергөө топторунун 102 кызматына түшкөн билдирүүлөргө жооп кайтаруу тартибин, анын ичинде «Кылмыштарды каттоонун электрондук тутумунун» алкагында
иштөөсүн көрүп чыкты.

Тутумдун башкы өзгөчөлүгү билдирүүчүнүн өз билдирүүсүнүн статусун реалдуу убакытта система тарабынан берилген QR-кодду сканирлөө аркылуу көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Мындан соң Свердлов райондук прокуратурасынын иши менен таанышуунун алкагында «Кылмыштарды каттоонун электрондук тутуму» аркылуу реалдуу убакытта жасалган кылмыштар тууралуу жарандардан түшкөн билдирүүлөр боюнча ички иштер органдары тарабынан көрүлгөн чараларга прокуратура органдарынын көзөмөл жүргүзүү тартиби иликтенди.

Белгилей кетүүчү жагдай, ишке ашырылып жаткан долбоордун максаты – жарандардын кайрылуулары боюнча, ошондой эле кылмыш иштеринин материалдарынын кыймылын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык тутумун (мындан ары - АМТ) киргизүү болуп саналат. Көрсөтүлгөн долбоор жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында кылмыш статистикасы функциясы өткөрүлүп берилген Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишке ашырылууда.

«Кылмыштарды каттоонун электрондук тутумун» жакынкы мезгилде бардык укук коргоо органдарына, анын ичинде прокуратурага киргизүү күтүлүүдө. Бул чара учурдагы мыйзамдын алкагында жарандардан түшкөн билдирүүлөрдүн жана алар боюнча кабыл алынган чечимдердин электрондук базасынын иштөө механизмин апробация кылууну шарттайт. Белгилей кетсек, «Кылмыштарды каттоонун электрондук тутуму» 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын жаңы Кылмыш кодексинин жана Жоруктар кодексинин алкагында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүүнүн
биринчи баскычы болуп саналат, ал анын каттоо бөлүгүн гана камтыйт.

Келечекте сотко чейинки өндүрүштүн, сот чечимдеринин жана өкүмдөрдү аткаруунун бардык баскычтары тууралуу маалыматтар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилет.

Маалымдама: Учурда Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын жана прокуратурасынын базасында «Кылмыштарды каттоонун электрондук тутуму» тесттик режимде ишке киргизилген. «Кылмыштарды каттоонун электрондук тутуму» маалыматтык системасынын алкагында кызматкерлерди алдыдагы жаңы киргизүүлөргө даярдоо иш-чаралары өткөрүлүүдө, ошондой эле инфраструктуралардын жана жабдуулардын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн коюлган талаптарга дал келүүсү текшерилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий