• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

iPhone 14, "Дайсон", 10 батир – "Чекти талап кыл – байге утуп ал!" лотереясынын утуштары

Коом 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы “Чекти талап кыл – байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын утуштары тууралуу айтып берди.

Экинчи турда байгелер эки этапта - 1-июлда жана 30-декабрда ойнотулат. Байге фонду төмөнкүлөрдү камтыйт:

- Xiaomi 11T смартфону – 1000;
- iPhone 14 — 1000;
- ноутбук — 300;
- "Дайсон" стайлери — 40;
- эки адамга Дубайга жолдомо — 6;
- электромобиль — 20;
- батир — 10.

Он батир жылдын аягында ойнотулат, ал эми калган байгелер эки этапка бөлүнүп ойнотулат. Лотереянын эрежелери тууралуу кененирээк маалымат менен шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий