• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте быйыл ысык сууну өчүрүү мөөнөтү узартылат

Коом 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Бишкекте быйыл ысык сууну өчүрүү мөөнөтүн узартуу пландалып жатат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде “Бишкекжылуулуктармагынын” башчысы Уран Райымбеков билдирди.

Анын айтымында, тармактагы мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана жоюу бир топ убакытты талап кылат.

“Быйыл 20-апрелден тарта сууну өчүрүп, оңдоо иштерин жүргүзүүнү карап жатабыз. Өчүрүү мөөнөтү 30-40 күнгө созулат. Бул жабдуулардын эскиришинен улам жумуштун көлөмү көбөйгөндүгү менен байланыштуу. Ошондой эле оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүү үчүн анын мөөнөтүн көбөйтүү зарыл”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий