• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад: Бюджеттин аткарылышына көзөмөл күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда үстүбүздөгү жылдын 7 ай аралыгында аймактардын бюджеттик чогултуулары боюнча онлайн жыйын өткөрүлдү. Ага облус башчысы Нурболот Мирзахмедов, район акимдери, айыл өкмөт башчылары жана салык кызматынын өкүлдөрү катышты.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйында Мирзахмедов облустун бардык район-шаарларында жыл башында бекитилип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына көзөмөл күчөтүлө тургандыгын айткан.

Маалым болгондой, 2020-жылдын жети айында Жалал-Абад облусу мамлекеттик боюджетти 101%га, республикалык бюджетти 99,5%га, ал эми жергиликтүү казынанын 104,3 пайызын камсыз кылган.

"Өкүл былтыркы жылга салыштырмалуу бир катар район-шаарлардагы жергиликтүү бюджеттин көрсөткүчтөрү артта калганын айтып, анын негизги себептерине кызыкты. Пандемия быйылкы бюджеттик аткарылыштарга өз таасирин тийгизген. Ошентсе да, алдыда бекитилген пайыздык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу үчүн тиешелүү жетекчилер менен салык кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышы керек деди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий