• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда окуучулар кичи футбол боюнча күч сынашууда

Аймак 0

Бишкек, 19.02.21 /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы мектептердеги 5-6-класстардын окуучулары кичи футбол боюнча күч сынашууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, турнир “Славян диаспорасы” тарабынан уюштурулуп, Жалал-Абад шаардык мэриясынын колдоосу менен ишке ашырылууда. 23-февраль - Ата Мекенди коргоо күнүнө карата өткөрүлүп жаткан спорттук таймаш окуучуларды патриоттуулукка үндөп, мектептер арасындагы алаканы бекемдөөнү көздөйт.

Оюн эки күнгө созулуп, жалпы 22 команда катышууда. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кызыктыруучу байгелер тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий