• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР Куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүндө ачык эшиктер күнү өттү

Коом 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. КР Куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүндө ачык эшиктер күнү өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалыматтык камыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-февралда Мекенди коргоочулардын күнүн утурлай КР Куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин 73809 жана 52870 аскер бөлүктөрүнүн базаларында ачык эшиктер күнү уюштурулуп, ага орто мектептердин окуучулары келишти.

Аскер бөлүктөргө келген балдарга аскер куралдануусу менен күжүрмөн техникалар көрсөтмөлөрү уюштурулуп, окуучулар жоокерлер казармалары, ок атуу тирлери, спорттук залдар, ок атуу жана спорт шаарчалары менен таанышып чыгышты.

Окуучулар спорттук таймаштарда күч сынашып көргөн соӊ, жоокерлер боткосун даамдап көрүштү.

Пикир

Оставить комментарий