• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРнын эл акыны Рахматулла Козукеевке материалдык жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Кыргыз Республикасынын эл акыны, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, белгилүү төкмө акын Рахматулла Козукеев Жалал – Абад облусунда болгондугуна байланыштууу, видео байланыш аркылуу сүйлөшүп, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын резервдик фондунан материалдык жардам бөлүнгөндүгүн билдирип, ал каражат Рахматулла Козукеевдин жеке эсебине которулгандыгын билдирди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Төкмө акын Рахматулла Козукеев Жалал-Абад облусунун Аксы районуна каршатуу Кызыл-Жар айылында туулган.

1984-жылы Фрунзе шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун сырттан окуп аяктаган. Республикалык, эл аралык айтыштарда байгелүү орундарды ээлеген. Кыргыз Республикасыны Ардак грамотасы, Түркия мамлекетинин алтын медалы, Эл аралык "Руханият" сыйлыгынын лауреаты, "Түрк дүйнөсүндө" төкмө акындар фестивалынын алтын медалынын ээси.

Учурда төкмө акын ооруканада дарыланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий