• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда “Арсенал” иш-чарасы өтүп, дээрлик 300 ок атуучу курал алынды

Коом 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда 24-30-декабрь аралыгында “Арсенал” аталышындагы ыкчам издөө жана алдын алуу иш-чаралары уюштурулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук тартибин бузууга жол бербөө, ок атуучу куралдарды колдонуу менен кылмыш жасоону болтурбоо, курал-жарактарды жана ок-дарыларды жүгүртүүгө толук көзөмөлдөө максатында өткөрүлгөн.

“Курал жөнүндө”, “Жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын аткаруунун алкагында милиция кызматкерлери жарандар жана уюмдар тарабынан ок атуучу куралдарды сактоо эрежелеринин аткарылышы боюнча бир катар текшерүүлөрдү жүргүзүштү. Жашаган жеринде ок атуучу куралы бар адамдар текшерүүгө алынды.

Аталган иш-чарага жалпысынан 2 миң 469 ички иштер органдарынын кызматкерлери жана 45 коомчулуктун өкүлдөрү тартылган.

Мергенчилик ок-атуучу куралдардын сакталуусунун эрежелерин текшерүү боюнча, каттоодо турган 34 миң 176 мергенчинии ичинен 4 миң 57 адам, 9 миң 976 газ-травматикалык ок атуучу курал ээлеринин 1 миң 647си текшерилди.

Иш-чаранын жыйынтыгында куралдарды сактоо, ташуу, каттоо жана алып жүрүү боюнча белгиленген эрежелерди бузгандыгы тууралуу 337 жаранга протоколдор түзүлүп, 262 бирдик ок атуучу курал убактылуу сактоого алынган жана 170 жаранга айып салынып, 167 жаранга эскертүү берилди.

Ал эми мыйзамсыз жүгүртүүдөн үч ок-атуучу курал, 84 даана ок-дарылар алынып, өз ыктыяры менен 20 ок атуучу курал тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий