• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

“Кут” конушунун аймактык тиешелүүлүгүн комиссия чечет

Коом 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов "Кут" жаңы конушунун аймагында жыйын өткөргөн. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга Сокулук районунун администрациясынын жана «Кадастр» мекемесинин, Новопавловка айыл өкмөтүнүн, шаар четиндеги аймактардын башкы архитектору, «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.

"Новопавловка 100 га" (Кут) конушунун түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан жер тилкелериндеги негизги маселе талкууланды. Жыйынтыгында “Кадастр” жана “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемелери “Кадастр” Сокулук филиалы” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте жакынкы аралыкта жер тилкелеринин аймактык тиешелүүлүгүн аныктоо боюнча комиссиялык иш-чара уюштуруу чечими кабыл алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий