• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында соодагерлерге ККМди колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Нарында соодагерлерге контролдук кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев Салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте борбордук базардагы соодагерлер менен жолугушшту.

"Шаар башчысы соодагерлерди ККМге өткөрүү учурдагы санариптештирүүнүн алкагында гана ишке ашып жаткандыгын белгилеп, ККМ аппаратын колдонуу менен ишкердик кылууга чакырып, соодагерлер аталган жабдуу менен акысыз камсыздалаарын билдирди", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий