• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда малдын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.11.22. /Кабар/. Күн мурун, 17-ноябрда Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкармалыгынын тургундарына мал-жандыктардын катышуусунда болуп жаткан жол кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иши жүргүзүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ага шаардык мэриянын юристи Чыңгыз Эшенов, Жалал-Абад шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Тыныбек Рахманов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Адистердин белгилешинче, кароосуз жүргөн мал-жандыктар унаа жолдоруна чыгып, жол кырсыктарына себепкер болуп калган учурлар көп катталууда. Мындан улам айыл башчыларына түнкүсүн жылкыларга жарык берүүчү каражаттарды илип коюу зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Мал-жандыктарын кароосуз калтырган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Алдыда мындай түшүндүрүү иштери башка аймактык башкармалыктарда да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий