• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөндө ЕАЭБ талабына туура келген заманбап касапкана иштей баштады

Аймак 0

Ош, 08.07.19 /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө айылында ЕАЭБ талабына туура келген заманбап касапкана иштей баштады. Ал 4-июль күнү ишке берилген. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Курулуш иштерине 12 млн. сом кеткен, анын ичинен 11 млн. сому мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыя катары жылына 6% менен берилген. Касапкана 2 нөөмөттө иштейт. Ал жерде 25 киши иш менен камсыз болот.

Касапканага жабдуулар атайын Россиядан алынып келген. 20 тонна эт батыра алган муздаткыч орнотулган.

Мал союучу жайдын жалпы аянты 500 чарчы метрди түзөт. Анда санитардык-гигиеналык талаптар каралган. Ошондой эле анын жанында продукциянын сапатын текшерүү үчүн лаборатория бар.

Пикир

Оставить комментарий