• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү боюнча сереп жолугушуу өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү боюнча сереп жолугушуу өтүүдө, деп билдирет Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Жолугушууга билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, министрликтин кызматкерлери, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын, анын ичинде Дүйнөлүк банктын, USAIDдин, Ага Хан Фондунун, БУУнун, АӨБдүн өкүлдөрү катышууда.

Баяндамасында Догдуркүл Кендирбаева туруктуу өнүгүү максаттарынын төртүнчү максаты (ТӨМ 4) Кыргызстандын билим берүү системасы үчүн кызыл сызык жана жол көрсөтүүчү багыт болуп саналарын белгиледи.

“Бүгүн биз билим берүү тармагына биргелешкен сереп салып, туруктуу өнүгүүнүн төртүнчү максатына жетүү аркылуу, билим берүү системасын трансформациялоо маселелерин талкуулап жатабыз. ТӨМ 4 туруктуу өнүгүүнүн эң маанилүү максаттарынын бири болуп саналат, анткени ал өмүр бою ар тараптуу жана адилеттүү сапаттуу билим берүүгө багытталган”, - деп билдирди министр.

Ошондой эле министр Догдуркүл Кендирбаева 2022-жылдан баштап билим берүүнү трансформациялоо боюнча Улуттук консультациялык форумдун резолюциясына ылайык, биз бардык мамлекеттердин эң кечиктирилгис аракеттерин талап кылган милдеттер катары БУУ жана ЮНЕСКО тарабынан таанылган беш тематикалык багытка таянабыз деди.

Пикир

Оставить комментарий