• 88.68
  • 95
  • 0.95

Коргоо министрлигинен 4-майдан 9-майга чейин пландалган иш-чаралар тууралуу айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 04.05.22. /Кабар/. Коргоо министрлигинен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгын белгилөө үчүн ведомство тарабынан өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу айтып беришти.

Ага ылайык:

- 4-майдан 9-майга чейин республиканын бардык аймагында Улуу Ата Мекендик согуштун эстеликтерине гүлчамбарлар коюлат;

- 5-майда "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык кеңеши" коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн "Жеңиш ырлары" аттуу ураан астындагы авто жүрүшү өтөт;

- 6-майда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин – КР Коргоо министрлигинин аскердик башкаруу органдарынын жетекчилери тарабынан даректүү куттуктоосу уюштурулат;

- 6-майда Бишкек гарнизонунун аскерлеринин Жеңиш аянтындагы 9-майдагы иш-чараларга карата даярдыктары (машыгуулары) өткөрүлөт;

- 8-майда Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги курал-жарактардын жана аскердик техникалардын үлгүлөрүн Жеңиш аянтына алып чыгуу жана "жоокер кашасын" даярдоо үчүн талаа ашканаларын жайгаштыруу болот;

- 9-майда таң эрте Бишкек гарнизонунун аскерлери согуш жылдарындагы ырларды аткаруу менен Чүй проспектиси боюнча (Т.Молдо көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин) өтүп, андан кийин Жеңиш аянтына чыгышат. Ал жерде митинг-реквием жана боштондукка чыккан жоокерлердин мемориалдык комплексине гүлчамбарлар коюлат.

Иш-чара аскерлердин салтанаттуу өтүүсү менен аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий