• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бардыгы штаттык режимде өтүүдө, олуттуу бузуулар катталган жок – БШК мүчөсү

Коом 0

Бишкек, 11.04.21 /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жана Конституция боюнча референдум өтүүдө. Боршайкомдун мүчөсү, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев билдиргендей, учурда добуш берүү штаттык режимде өтүүдө жана кандайдыр бир олуттуу бузуулар катталган жок.

“Биз мындан дагы тынчыраак абалды күткөнбүз, анткени добуш сатып алууларды болтурбоо үчүн бир катар чараларды көргөн элек. Бизде добуш сатып алууга каршы ыкчам топ иш алып барууда. Бир катар партияларга карата мыйзам бузуулар үчүн ачылган сотко чейин өндүрүш иштери дагы бар. Айылдарда добуш сатып алуу фактылар жок. Бирок тууган, тааныш-билиш сыяктуу көрүнүштөрдүн таасири байкалып турат. Техникалык жактан кеткен анча-мынча мүчүлүштүктөр катталууда, бирок аларды жоюуга биздин мобилдик-техникалык топтор тартылган. Бардыгы штаттык режимде өтүүдө”, - деп билдирди Осмоналиев.

Ал баса белгилегендей, эгерде жарандар кандайдыр бир мыйзам бузууларды байкаса, анда дароо БШКнын алдындагы 1255 ыкчам байланыш линиясына кайрылса болот.

“Ыкчам байланыш номерине чалуулар акысыз. Эгерде кандайдыр бир кысымдын белгилери жана добуш сатып алуу фактылары болсо, ал жакка чалып, маалымат менен бөлүшсөңүздөр болот. Жарандардан ишеним телефонуна кайрылууну суранабыз, ар бир иш боюнча териштирүү болот. Эмне үчүн шайлоочулардын добушун сатып алуу коркунучу бар? Анткени бизде бир эле адам бир нече адам үчүн добуш бере албайт. Шайлоо тилкелеринде экиден урна коюлган. Алардын бирөө жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого, ал эми экинчиси Конституция боюнча референдумга добуш берүү үчүн коюлган. Ошого байланыштуу техникалык жактан айрым оорчулуктар пайда болууда”, - деп кошумчалады Осмоналиев.

Боршайкомдун мүчөсү кырдаалды чыңалткысы келген айрым саясий күчтөр бар экендигин баса белгиледи.

“Азырынча олуттуу бузуулар катталган жок. Эгерде элдин тандоо жасоосуна карата кандайдыр бир чектөөлөр, мыйзам бузуулар катталса, анда биз ошол тилкедеги добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарабыз деп айтуудабыз”, - деп жыйынтыктады Осмоналиев.

Пикир

Оставить комментарий