• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

19-июлга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-июлда күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын табы Чүй облусунда күндүз +37, Таласта +34, Ысык-Көл облусунда +29, Нарын облусуна +31 градус ысык болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +38 градуска чейин ысыйт.

Бишкек шаарында күн ачык болуп, күндүз +37 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий