• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Венгрия маданият тармагында кызматташат. Меморандумга кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 04.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Венгриянын Адам ресурстары министрлигинин ортосундагы маданият тармагындагы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Меморандумга КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун катышуусунда кол коюлду.

Ошондой эле Петер Сийяртонун Кыргызстанга иш сапарынын алкагында эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери боюнча кыргыз-венгр стратегиялык кеңешинин 2-жыйыны да өттү.

Пикир

Оставить комментарий