• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда биринчи жарым жылдыкта калктын реалдуу акчалай кирешеси 7,7%га азайган

Экономика 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Быйылкы жылдын биринчи жарым жылында Кыргызстанда калктын номиналдык акчалай кирешеси 210,5 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Былтыркыга караганда калктын номиалдык акчалай кирешеси 2,3%га азайган.

“Калктын акчалай кирешелеринин негизги булагы эмгек ишмердигинин кирешелери болгон (69%ы)”, - деп билдирет Статистика комитети.

Ошол эле учурда 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында калктын реалдуу акчалай кирешелери 198,9 млрд сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 7,7%га азайган.

Пикир

Оставить комментарий