• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жыл башынан бери токой чарбасына 72,7 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. 2023-жылга токойлорду коргоо, токой өстүрүү жана көбөйтүү боюнча иш-чараларды каржылоого 90,8 млн сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга отургузуу, себүү, көчөттөрдү багуу жана башка жумуштар кирет. Алар:

- токой чарба иштерине 68,3 млн сом;

- өрткө каршы иштерге 19,2 млн сом;

- токойлорду коргоо иштерине 3,3 млн.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө 72,7 млн ​​сом суммасында каражат каржыланды. Алар:

- токой чарба иштерине 54,0 млн сом;

- өрткө каршы иштерге 16,1 млн сом;

- токойлорду коргоо иштерине 3,6 млн.

Пикир

Оставить комментарий