• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,5 млрд куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-ноябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 574 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 177 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 330 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий