• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаарындагы №5 гимназиянын кошумча окуу корпусунун курулушу 70%га аяктады

Коом 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы №5 улуттук компьютердик гимназиянын кошумча окуу корпусунун курулушу план боюнча жүргүзүлүүдѳ жана 70%га аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда ички жасалгоо жумуштары жана терезе, эшик блокторун орнотуу иштерин жүргүзүлүүдө. Электр монтаждоо жана желдетүүчү жумуштар, суу менен камсыздоо жана канализация аяктоодо, ал эми объекттин тышкы шыбак улантылууда.

Белгилей кетсек, 375 окуучулук орунга эсептелген билим берүү обьектисинин курулушу 2020-жылдын январында Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каражаттарынын эсебинен башталган. Ал эми объекттин сметалык наркы 1 028 600 АКШ долларын түзүп, анын ичинен 400 020 АКШ доллары каржыланды. Кошумча корпустун курулушун бүткөрүү жаңы окуу жылына пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий