• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оор атлетчи Иззат Артыков Азия оюндарында коло утту

Спорт 0

Бишкек, 22.08.18. /Кабар/. Оор атлетчи Иззат Артыков учурда Индонезида өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында коло медаль утту.

Кыргызстандык спортчу 69 кг чейинки салмактык категорияда беттешке чыккан.

Жалпысынан ал 330 кг салмакты көтөргөн.

Биринчи орунда Түндүк Кореялык спортчу О Канг Чол (О Kang Chol) – 336 кг, «күмүштү» Өзбекстандын спортчусу Достон Якубов – 331 кг алган.

Ошентип, Кыргызстандын байге куржунунда жалпысынан жети медаль бар: үч күмүш жана төрт коло.

Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова жана Каныбек Жолчубеков күмүш байгеге ээ болушса, Мээрим Жуманазарова, Медет кызы Айпери жана Амантур Исмаилов коло медаль тагынышты.

Пикир

Оставить комментарий