• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 27-июнунда УКМК тарабынан диний-экстремисттик уюмдун жашыруун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Нарын облусунун ИИБ менен биргеликте, «Хизб ут-Тахрир» ДЭУ аялдар канатынын активдүү мүчөлөрү, КР жарандары А.Э.А., Б.К.М., А.Г.А., А.А.А., И.М.К. жана М.А.Б. кармалышты.

Жашаган жерлерин тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү китеп, «Хизб ут-Тахрир» ДЭУ камтыган материалдарды пропагандалоого, электрондук маалымат алып жүрүүчү (планшет, ноутбуктар, телефон сим-карталар) жана жазуусу бар күндөлүктөр табылып алынды.

Ал материалдар атайын экспертизага жөнөтүлдү.

Аталган факт сотко чейинки өндүрүшкө КР Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесинин 2-бөлүмү (Экстремисттик уюмду түзүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Нарын шаардык №24 убактылуу кармоочу жайына ячейканын уюштуруучулары кармалды.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий