• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто кармалган S-line турак жай кооперативинин жетекчиси камакта калтырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Ошто кармалган S-line турак жай кооперативинин жетечиси камакта калтырылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки күн мурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан ишенип берилген мүлктү ыйгарып алууга шектелип кармалган А.Б., убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Бүгүн, 17-мартта, Ош шаардык соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыгарды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы бул жарандан жана аталган кооперативден жабыр тарткан жарандарды Ош ШИИБнын тергөө кызматына кайрылууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий