• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тергөөчүлөр үчүн гендердик кылмыштарды иликтөө боюнча адистештирилген курс башталды

Аймак 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-мартта, сексуалдык кол тийбестикке жана сексуалдык эркиндикке, үй-бүлөгө жана жашы жете электерге, ошондой эле мажбурлап никеге турууга жана жашы жете электер менен иш жүзүндө никеге турууга мажбурлоого байланышкан кылмыштарды иликтеп жаткан Бишкек шаардык ИИББнын жана шаардын төрт районунун ИИБнын тергөөчүлөрү үчүн төрт күндүк семинар башталды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги Кризистик борборлор ассоциациясы менен биргеликте Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Калкты жайгаштыруу фондунун колдоосу менен БУУнун Аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча комитетинин Кыргызстандын бешинчи мезгилдүү баяндамасына байланыштуу тренинг уюштурду.

2021-жылдын 29-ноябрында гендердик зомбулуктун курмандыктарына колдоо көрсөтүүнүн жетишсиздиги жана жабыр тарткан аялдар менен кыздардын сот адилеттигине жетүүсүнө тоскоолдуктар, анын ичинде кылмыш процессинин жүрүшүндө кайра виктимизация болгондугу белгиленген.

Окутуунун программасы тергөөчүлөрдүн гендердик зомбулуктан жапа чеккендерге мамиле кылуунун эл аралык стандарттары боюнча билимин жогорулатууну, басмырлоонун жана жабырлануучулардын экинчилик виктимдигин алдын алууну камтыйт.

Ошондой эле гендердик кылмыштар 2021-жылдын 1-декабрында күчүнө кирген Кылмыш-жаза жана Жазык-процесстик кодекстерге ылайык каралат.

Окутуунун жүрүшүндө сексуалдык мүнөздөгү кылмыштарды иликтөөдө соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-психологиялык экспертизаларга өзгөчө көңүл бурулуп, соттук-медициналык-психологиялык экспертизаларды дайындоодо келип чыккан маселелердин тизмеси да каралат.

Семинар башталар алдында ИИМдин Тергөө кызматынын начальниги Алтаир Исмаилов билдиргендей, семинар юристтерди, соттук-психологиялык экспертиза тармагындагы эксперттерди тартуу менен өтүп жатат жана соттук-медициналык экспертизалар, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо жаатында иш алып барган коомдук уюмдардын өкүлдөрү, алар менен тергөөчүлөр практикалык маселелерди жана көйгөйлөрдү талкуулай алышат.

Ал семинардын катышуучуларына жемиштүү иш каалап, алган билими алардын күнүмдүк иштерине жакшы негиз болуп берерине ишенерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий