• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кадамжайда милициянын демилгеси менен окуучуларга спорттук иш-чара уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Кадамжайда милициянын демилгеси менен мектеп окуучуларына спорттук иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы Т.Тургунов атындагы орто мектебинин окуучуларына Ж.Садиров атындагы Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин демилгеси менен спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.

"Бул спорттук иш-чара жаш өспүрүмдөрдүн кылмыштуулуктан алыс болууга, укук бузууларга жол бербөө багытында жергиликтүү милиция кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, мектеп окуучулары арасында ынтымакты бекемдөө, жаш муундун ден соолугун чыңдоо болуп эсептелет" , - деп айтылат маалыматта.

Спорттун футбол жана волейбол түрү ойнолуп, жеңген командаларга Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсү тарабынан баалуу белектер берилди.

Пикир

Оставить комментарий